Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:29

Дооронбек Садырбаевдин 75 жылдыгы белгиленди


Кыргыз Республикасынын Эл баатыры, коомдук ишмер, кинорежиссер, акын-жазуучу Дооронбек Садырбаевдин 75 жылдыгы бүгүн Ноокен районунун борбору, Масы айылында райондук стадиондо өттү. Боз үйлөр тигилип, театрлаштырылган оюн-зоок тартууланды.

Салтанатка биринчи вице-премьер-министр Таирбек Сарпашев жана депутат Өмүрбек Текебаев баш болгон "Ата Мекен" фракциясынын парламенттеги бир топ депутаттары келишти.

3 миңден ашуун эл катышкан салтанатта маркумдун карындашы, Жогорку Кеңештин депутаты Гүласал Садырбаева агасынын ысымын райондун Масы айыл өкмөтүнө ыйгаруу демилгеси 2012-жылдан бери чечимин таппай жатканын айтты.

Дооронбек Садырбаев 1939-жылы Ноокендин Апыртан айылында туулган. 2008-жылы Бишкекте каза болгон.

1995-жылдан тартып көзү өткөнчө Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Өлгөндөн кийин ага Кыргыз Эл Баатыры наамы ыйгарылган. (YA\SE)

XS
SM
MD
LG