Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:56

Брюсселдеги ок атууга шектүү адам кармалды


Өткөн аптада Брюсселдеги жөөт музейинде үч кишини атып өлтүргөн деп шектелген киши Франциянын түштүгүндөгү Марсел шаарында кармалды. АФП агенттиги билдиргендей, Мехди Немущ 29 жаштагы Франциянын жараны. Ал кармалганда, чемоданынан Калашников мылтыгы, тапанча, ок-дары табылды. Ал Брюссел аркылуу Амстердамдан келаткан автобустун ичинен кармалды.

24-майда Брюссел музейиндеги ок атууда Израилдин эки жараны жана Франциялык аял окко учуп, музейдин кызматкери оор жараат алган эле.

XS
SM
MD
LG