Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

Орусияда кыйраган тик учактан 6 кишинин өлүгү табылды


Дагы ондон ашуун адам изделип жатат. Сөөктөр медициналык экспертизадан өткөрүү үчүн тийиштүү лабораторияга жиберилгенин күч органдарына таянып, жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлады.

"Ми-8" үлгүсүндөгү тик учак 31-май күнү кечке жуук Мурманск облусунун Терск районунун аймагында кулаган. Кырсык тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 1-июнь күнү кабарланган.

Транспорт прокуратурасынын маалыматына ылайык, бортто 17 киши болгон. Айрым маалымат булактары учуп бараткандардын саны 19 экенин жазып жатат.

Тик учакта облус губернаторунун орун басары Сергей Скоморохов, экология жана жаратылыш ресурстары боюнча аймактык министр Алексей Смирнов, ”Апатит” ишканасынын башкы директору Алексей Григорьев жана башка мамлекеттик кызматкерлер болгон.

Орусиянын иликтөө комитети тик учактын кулашы боюнча кылмыш ишин козгоду.

XS
SM
MD
LG