Иранда чет элдеги оппозициялык күчтөр менен байланышы бар деген кине тагылган Голамреза Хосрави Саважани өлүм жазасына тартылды. Аны 1-июнь күнү дарга асышты. Мурдараак эл аралык коомчулук Иран бийлигин бул өкүмдү аткарбоого чакырган эле.
IRNA агенттигинин маалыматына ылайык, Саважани Иран Ислам республикасына каршы “Можахедин-э халк” уюмуна көмөктөшүп жүргөнү аныкталган. Бул үчүн ал 2010-жылы эле өлүм жазасына өкүм кылынган.
Amnesty International уюму Саважаниге карата сот жараяны адилетсиз өттү деп сындап чыккан. Маркум 1980-жылдан бери бир канча ирет камалган.