Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:43

Алайда жол тоскондорду наристенин өлүмү үчүн айыптап жатышат


Алайдагы жол тосуу, 29-май, 2014.
Алайдагы жол тосуу, 29-май, 2014.
Ош - Эркеч-Там жолун бууп турган камактагы депутат Акматбек Келдибековдун тарапкерлерин үч айлык наристенин өлүмү үчүн күнөөлөп жатышканын "Азаттыкка" ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 1-июнда Алайдын Үч-Дөбө айылынын тургунунун 3 айлык наристеси чыргоолоп, район борбору Гүлчөдөгү ооруканага алып жөнөгөн. Жолду Келдибековдун тарапкерлери тосуп тургандыктан бейтап наристе жарым саатка жакын убакыт кармалып, ооруканага жеткен соң чарчап калган.

Бирок ымыркайдын чоң энеси Шаани Топчубаева “Азаттыкка” алар жолдо 15 мүнөт гана кармалганын, небересинин өлүмүнө жол тоскондорду күнөөлөбөй турганын, ооруканадагы дарыгерлер жетиштүү деңгээлде көңүл бурбай койгонун билдирди.

Камактагы депутат Акматбек Келдибековдун тарапкерлери өткөн аптадан бери Ош - Эркеч-Там жолун бууп турушат.(BkA)

XS
SM
MD
LG