Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:17

Тажикстан Баткенден ижарага жайыт алат


Тажикстандын Баткендеги Ворух эксклавы, 23-январь, 2014.
Тажикстандын Баткендеги Ворух эксклавы, 23-январь, 2014.
Тажик тарап кыргыз-тажик чек арасына жакын жайлоолорду убактылуу пайдаланып туруусу боюнча жумушчу топтордун сүйлөшүүсү узаган жумада Баткен шаарында өттү. Бул тууралуу "Азаттыкка" бүгүн кыргыз өкмөтүнүн чек араны тактоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров билдирди. Анын айтымында, кыргыз тарап жайыттын бир гектары үчүн 15 доллар ижара акы сураса, кошуналар 12 доллар сунуштады. Мындан сырткары тажик тарап канча гектар жайыт алаарын так айта алган жок. Ушундай алешемдиктерден улам келишим түзүү кийинки жолугушууга калды. Жайыт боюнча келишим бир жылдык мөөнөткө гана түзүлүп, кошуналарга Ворух анклавынын үстүндөгү кыргыз жайлоолору убактылуу ижарага берилет.

Кыргызстан Тажикстанга жайыт үчүн акы төлөө талабын өткөн айда Дүйшөмбү шаарында болгон кыргыз-тажик чек арасы боюнча өкмөттөр аралык сүйлөшүүдө койгон. Буга чейин кошуналар жайкысын малын кыргыз малчыларын жалдап бактыруу менен жайыт үчүн эч кандай акы төлөбөй келгени айтылууда. (SM)

XS
SM
MD
LG