Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:26

Президент “Мөңгүлөр жөнүндөгү” мыйзамга кол койгон жок


Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңеш кабыл алган “Мөңгүлөр жөнүндөгү” мыйзамды артка кайтарды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, президент аталган мыйзам “Өкмөт жөнүндө” конституциялык мыйзамга каршы келээрин жана ишке кирсе бюджеттин киреше бөлүгүн кыскартууга негиз болоорун белгилеген.

"Бул мыйзам бюджеттик каражаттардын кыскарышына алып келээри шексиз. Себеби сунушталган мыйзамда мөңгүлөрдө, кар күрткүлөрүндө жана көп жылдык тоң таралган зонада пайдалуу кен чыккан жерлерди ачык ыкма менен иштетүүгө тыюу салынат. Мындай жагдай кен иштетүүчү ишканалардын кирешесин азайтып, чыгашаларын көбөйтөт, демек алар салыкты төлөбөй турууга мажбур болот”, - деп жазылат президенттин каршы пикиринде.

Жогорку Кеңеш “Мөңгүлөр жөнүндө” мыйзамды өткөн айда кабыл алган. Ага ылайык, мөңгүлүү бийик тоолордо тоо-кен иштерин жүргүзүүгө чек коюлмак. Депутаттар бул мыйзам Кумтөрдөгү катачылыктарды эске алуу менен кабыл алынганын билдиришкен. (BkA)

XS
SM
MD
LG