Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:45

Ошко качан газ берилээри белгисиз бойдон


Оштогу газсыз турмуш, 26-апрель, 2014.
Оштогу газсыз турмуш, 26-апрель, 2014.
“Кыргызгазпром" ишканасынын маалымат катчысы Рысбек Аруновдун "Азаттыкка" билдиришинче, өзбек тарап менен сүйлөшүүлөрдөн азырынча майнап чыга элек. Аталган ишкана жана Орусиянын “Газпром” компаниясы Өзбекстандын “Узтрансгаз” ишканасы менен Ошко газ берүүнү жандантуу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантып жатат. Бирок өзбек тараптан конкреттүү жооп жок. Мындан улам Ошко газ берүү качан жанданаары белгисиз бойдон калууда.

“Узтрансгаз” Кыргызстандын түштүгүнө газ берүүнү 14-апрелде токтоткон. Буга газ келишиминин мөөнөтү аяктаганы себеп болгон. Өзбекстан менен буга чейин келишим түзүп келген "Кыргызгаз" болсо быйылдан тарта Орусиянын "Газпром" компаниясынын карамагына өтүп, анын ордуна "Кыргызгазпром" ишканасы түзүгөн. (BkA)

XS
SM
MD
LG