Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:03

Жусуп Мамайдын сөөгү жерге берилди


Манасчы Жусуп Мамай
Манасчы Жусуп Мамай
Бүгүн Кытайдагы Ак-Чий ооданында улуу манасчы Жусуп Мамайдын сөөгү жерге берилди. Маркум менен коштошуу зыйнаты өзү-туулуп өскөн жерде өттү. 96 жаш курагында көз жумган манасчы менен коштошууга Кыргызстандан президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев баштаган расмий топ катышты.

Жусуп Мамай 1918-жылы ал кездеги Чыгыш Түркстан, азыркы Кытай Эл Республикасынын Шинжаң - Уйгур автоном районундагы Ак-Чий ооданынын Меркеч айылында туулган. "Манас" эпосунун сегиз урпагына чейин айтып, чет жердеги манасчылардын эң таанымылы болгон.

Президент Алмазбек Атамбаевдин жардыгы менен залкар манасчыга 30-майда “Кыргызстандын эл баатыры” деген жогорку наам жана "Ак Шумкар" өзгөчө белгиси ыйгарылган эле.(BkA/EBM)

XS
SM
MD
LG