Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Тышка иш издеп кеткендердин көпчүлүгү эркектер


Орто эсеп менен Орусия жана Казакстанга иш издеп кеткен кыргыз жарандарынын 60 пайызын эркектер, 40 пайызын аялдар түзөт. Жаш курагы менен алганда алардын 70 пайызы 18ден 40 жашка чейинкилер. Бул тууралуу Ысык-Көлдө өтүп жаткан мигранттардын укугу боюнча эл аралык форумда айтылды. Изилдөөлөргө караганда, Орусияда иштеген кыргызстандыктардын көпчүлүгү тейлөө тармагында, курулушта жана базарларда иштешет. Казакстанга баргандар болсо негизинен соода, курулуш жана айыл чарба жумуштары менен алектенишет.

“Эл аралык көмөктөшүү борбору” коомдук фонду жана «Бир дүйнө Кыргызстан» укук коргоо борбору уюштурган бул жыйында Орусия менен Казакстанда иштеп жүргөн кыргыз жана тажик жарандарынын укуктары, милдеттери талкууланып, аларга эл аралык деңгээлде биргелешкен укуктук жардам берүүнүн жаңы механизмдери иштелип чыгат. Иш-чара эки күнгө созулат.

Жыйынга Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Орусиядагы коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышууда.(MK)

XS
SM
MD
LG