Odnoklassniki.ru социалдык түйүнүндөгү талаш Тажикстанда кандуу чабуулга түрткү болду. Өлкөнүн Билим берүү министрлигинен бүгүн “Азаттыкка” айтышкандай, Дүйшөмбүнүн борборундагы көчөлөрдүн биринде 11-класстын окуучусун 30-майда сабап, өлтүрүп кетишкен. Кабарга караганда, окуянын алдынан эки окуучу белгисиз бир маселенин айынан интернетте катуу айтышкан.
Билим берүү министри Нуриддин Саидов шаардагы ошол эки өспүрүм окуган №66-мектепке барып, мугалимдер, окуучулар менен сүйлөшкөнү айтылууда. Окуянын чоо-жайы азырынча белгисиз.
Билим берүү министри Нуриддин Саидов шаардагы ошол эки өспүрүм окуган №66-мектепке барып, мугалимдер, окуучулар менен сүйлөшкөнү айтылууда. Окуянын чоо-жайы азырынча белгисиз.