Социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргызстандык балдарды асырап алуу боюнча иш алып барган чет элдик 8 уюмду каттады. Алардын бирөө Швецияга, калгандары Кошмо Штаттарга таандык. Ошондой эле министрлик 5 уюмду каттоодон баш тартты. Дагы 3 уюмдун арызын текшерүү уланууда. Министрликке жалпысынан балдарды асыроо менен алектенген чет элдик 17 уюм арыз берген.
2012-жылы токтотулган балдарды чет өлкөлүктөргө асыроого берүү ишмердиги быйыл жаңы жобонун негизинде кайрадан жанданды. Бала асыроону токтотууга Социалдык өнүктүрүү министрлигиндеги чуулгандуу коррупциялык иштер негиз берген.(BkA)