Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Президент Атамбаев Түркияга иш сапары менен кетти


Алмазбек Атамбаев аталган өлкөнүн жогорку жетекчилигинин чакыруусу менен бүгүн жол тартканын президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Бул иш сапардын алкагында өлкө башчысы түрк президенти Абдулла Гүл менен жолугушуп, Кыргызстан менен Түркиянын стратегиялык кызматташтыгы боюнча Улук Кеңештин жыйынына катышат. Бул кеңеш эки тараптуу мамилелердин стратегиясын аныктап турат.

Алмазбек Атамбаев ошондой эле Бодрум шаарында өтчү түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташуу кеңешинин IV саммитине да катышат. Ага Түркиянын, Казакстандын жана Азербайжандын да президенттери катышмакчы. Өлкө башчылары анда ар тармактуу кызматташтыкты кеңейтүү, анын ичинде туризм тармагындагы байланыштарды чыңдоо боюнча маселелерди талкуулашат. Жыйын соңунда тиешелүү декларацияга кол коюлат. (SM)

XS
SM
MD
LG