Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:35

ТИМ: Матанов АКШда качкын макамын алган


Хайрулложан Матанов
Хайрулложан Матанов
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын Бостон шаарындагы жардырууга байланыштуу кармалган кыргыз жараны Хайрулложан Матанов боюнча маалымат берди. Анда 24 жаштагы Матанов Жалал-Абаддын Сузак районунда туулуп өскөнү, 2010-жылы май айында студенттик виза менен АКШга келип, эки жылга жакын Квинси колледжинде билим алганы айтылат. Бирок кийин каржылык кыйынчылыктардан улам окуусун таштап, качкын макамын алган. Буга байланыштуу Кошмо Штаттардагы Кыргызстандын консулдугунда каттоодо турган эмес.

Хайрулложон Матановго 30-майда расмий айып тагылган. АКШ прокуратурасы ага былтыркы Бостон шаарындагы жардыруу боюнча күнөө койгон. Ага жардырууну уюштурду делген бир тууган Царнаевдер менен тааныш болуп, теракттан соң далилдерди атайылап жок кылган жана суракта жалган көрсөтмө берген деген күнөө тагылууда.

2013-жылдын 15-апрелинде Бостондогу жардыруудан 3 адам мерт болуп, 250 адам жараат алган. Жардырууну ага-ини Царнаевдер уюштурган деп табылган. Тамерлан Царнаев кармоо учурунда каза тапкан. Жохар Царнаевдин үстүнөн соттук териштирүүлөр 2014-жылдын 3-ноябрына белгиленген.

Буга чейин ага жардам берген деген шек менен АКШда окуп жаткан эки казак студенти да кармалган. (BkA)

XS
SM
MD
LG