Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:36

Айыл спорту боюнча мелдеш өттү


Бүгүн Каракол шаарында айыл жаштары арасында “Дени сак улут, өнүгүп жаткан өлкө” урааны менен спорт мелдештери жыйынтыкталды. Анда 7 облустун тандалган командалары ордо, тогуз коргоол, кыргыз улуттук күрөшү, кол күрөш, волейбол жана футбол боюнча күч сынашты. Бул тууралуу “Азаттыкка” улуттук спорт түрлөрүн өнүктүрүү борборунун жетекчиси Алмаз Касенов кабарлап, мындай мелдештер айылдык спортту өнүктүрүүгө өбөлгө болоорун билдирди.

Тогуз коргоол акыл оюнунда кыз-келиндерден Чүй облусу, жигиттерден Нарындын курама командасы баш байгеге ээ болду. Ордо оюнунда биринчи орун Ысык-Көлдүн командасына ыйгарылды. Кыргыз күрөшүнөн таластык жигиттер айырмаланды.

Бул таймаштарга жети облустан алты жүздөй спортчу катышты. (КМа)

XS
SM
MD
LG