Украинанын Чек ара кызматы өткөн түнү жүздөгөн орусиячыл сепаратисттер өлкө чыгышындагы Луганск регионунда чек ара базасына чабуул жасашканын кабарлады. Атышуулар дале улантылып жатканы айтылууда. Кеминде беш козголоңчу өлтүрүлгөнүн, сегизи жаракат алганын кошумчалады. Чек арачылардан жети адам жаракат алганын, айрымдарынын абалы оор экенин айтышты. Сепаратисттердин өкүлү болсо алардан болгону бир эле адам жаракат алганын кабарлап жатат.
Украин президенти Олександр Турчинов бүгүн Киевде сүйлөгөн сөзүндө: "Азыр Луганскиде атышуу уланып жатат. Чек ара кызматынын офицерлери толук курчалган абалда линияны кармап, согушуп жатышат, - деди. - Алар канчалык татаал кырдаалда экенин түшүнүшүңүздөр керек. Биз аймакты толугу менен террористтерден, козголоңчулардан тазалаганга чейин алар чек араны коргош үчүн колдон келген мүмкүнчүлүгүн жасап жатышат".
Дагы атышуулар болгону тууралуу кабарлар Словянскиден да түштү.