Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:43

Орусиядагы эмгек мигранттары патенттик система менен иштейт


1-июлдан тарта Орусияда иштеген мигранттар үчүн патенттештирүү ишке кирмекчи. Бул тууралуу Орусиядагы консулдуктун биринчи секретары Алмаз Букалаев бүгүн мигранттардын укугу боюнча өтүп жаткан Ысык-Көлдөгү эл аралык форумда билдирди. “Патенттештирүү маселесин Орусияда иштеп жүргөн жарандар да күтүп жатышат. Патент акысы ай сайын төлөнүп, мигранттарга легалдуу иштегенге мүмкүнчүлүк болот, азыр көпчүлүк мигранттар мыйзамсыз иштешүүдө”, - деди консулдуктун өкүлү.

Форумда Орусия менен Казакстанда иштеп жүргөн кыргыз жана тажик жарандарынын укуктары, милдеттери талкууланып, аларга эл аралык деңгээлде биргелешкен укуктук жардам берүүнүн жаңы механизмдери иштелип чыгат.

“Эл аралык көмөктөшүү борбору” коомдук фонду жана «Бир дүйнө Кыргызстан» укук коргоо борбору уюштурган бул жыйынга Кыргызстандан сырткары Казакстан, Тажикстан жана Орусиядан келген бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышууда.(MK)

XS
SM
MD
LG