Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:50

Пакистандан чыгып жаткандардын ден соолугун текшерүү күчөдү


Пакистанга саякаттагандар 1-июндан тарта өлкөдөн чыгып жатканда шал оорусуна каршы эмдөө алганын далилдеген күбөлүктү көрсөтүүгө милдеттендирилди. Жарандар эмдөөнү аэропорттон же чек ара бекеттеринен алышы керек.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги жаңы эреже Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун “1-июнга чейин бардык саякатчылар жаш өзгөчөлүгүнө карабай эмдөөдөн өтүшү зарыл” деген чечимине шайкеш келээрин билдирди.

Кош бойлуу аялдарга да вакцинациядан өтүү зарылдыгы айтылган. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму шалдын таркашы аны менен күрөшүүдөгү дээрлик 30 жылга созулган ишти жокко чыгарышы мүмкүн деп эскерткен.

Быйыл жыл башынан бери Пакистанда шал оорусунун 67 учуру катталган. Былтыр ушул мезгилге сегиз гана адам бул дартка чалдыккан болчу.

XS
SM
MD
LG