Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:47

Элчи Спратлен: Транзиттик борбор миссиясын татыктуу аткарды


"Манастагы" транзиттик борбор, 6-март, 2014.
"Манастагы" транзиттик борбор, 6-март, 2014.
Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен “Манас” аба майданындагы Транзиттик борбордун жабылыш аземинде билдирди. Анын айтымында, Кошмо Штаттар Ооганстандагы антитеррордук операцияны баштаган кездеги сунушуна Кыргызстан дароо жооп кайтарып, бул ишке көмөк көрсөттү.

“Биз өз миссиябызды татыктуу аяктап жатканыбызга кубанам, бирок бул жактан кетип жатканыбызга жакшы мааниде айтканда, ичим ачышат”, - деди Спратлен.

Бүгүн “Манастагы” транзиттик борбор расмий түрдө жабылып жатат. Борбордун ачкычы символикалык түрдө кыргыз өкмөтүнө тапшырылды. Борбордогу 30 миллион долларлык техника кыргыз тарапка берилүүдө. Учурда ал жерде 400гө жакын америкалык аскер бар. Алардын баары бир ай ичинде чыгып кетиши керек.

“Манас” транзиттик борбору жөнүндөгү кыргыз өкмөтү менен АКШ өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга 2009-жылы кол коюлган. Анда ижара мөөнөтү 2014-жылдын соңунда аяктаары жазылган. Былтыр 26-июнда Кыргызстан ал документти бир тараптуу денонсациялаган.(ZB/BkA)

XS
SM
MD
LG