Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:39

Бишкектеги Кара-Жыгач сейил багы иретке келтирилет


Мындай тапшырманы Бишкек мэриясына премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн Кара-Жыгач сейил багындагы абал менен таанышуу учурунда берди. Өкмөт башчынын айтымында, борбордогу бардык сейил бактардагы мыйзамсыз курулуштарды токтотуп, соттун чечиминин негизинде иретке келтирүү зарыл.
Премьер бул үчүн өкмөт жакын арада бардык сейил бактар боюнча анализ өткөргөнү жатканын кошумчалады.

Бишкектеги Кара-Жыгач сейил багынын учурда чеги такталган эмес.Бирок 1990-жылдардагы карта боюнча жалпы аянты 215 гектар деп белгилеген. Учурда анын 85 гектардан ашык аянтына кафе-ресторан, үйлөр курулуп кеткен.(BkA/UEz)

XS
SM
MD
LG