Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:43

Геология агенттиги: “Кумтөрдүн” техникалык долбоорун кароо кечеңдеген жок


Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөт алдындагы Геология жана жер ресурстар боюнча агенттигинен кабарлашты. Агенттиктин маалымат катчысы Касиет Карачолокова билдиргендей, алардын кароосуна Кумтөрдүн техникалык долбоору 16-майда келип түшкөн. Ошол мезгилден тарта эле агенттик баш болгон тиешелүү органдар аталган долбоорду бекитүү боюнча иштеп жатат.

Ошондуктан Карачолокова кенди иштетүү боюнча иштер кечеңдетилип жатат деген “Центерра Голддун” маалымат туура эмес экенин белгиледи.

Бүгүн "Центерра Голд” компаниясы кыргыз өкмөтү Кумтөрдү иштетүү боюнча техникалык долбоор бекитпей жатканын билдирип, долбоор 13-июнга чейин бекитилбесе, кендеги ишти токтотоорун эскерткен болчу.(BkA)

XS
SM
MD
LG