Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:16

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча сүйлөшүү создугууда


Кыргыз-өзбек чек арасына тартылган тикенек зым. Жалал-Абад облусу, 1-май, 2012
Кыргыз-өзбек чек арасына тартылган тикенек зым. Жалал-Абад облусу, 1-май, 2012
Май айынын этегинде Бишкекте өтүшү белгиленген кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны болбой калды. Буга өзбек тараптын жыйынга катышуудан баш тартышы себеп болгонун "Азаттыкка" бүгүн кыргыз өкмөтүнүн чек араны тактоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров билдирди. Бул жолугушууда тараптар буга чейин чек ара сызыгы такталган аймактар боюнча протоколго кол коюшу күтүлүп жаткан. Эми кийинки жыйын качан болоору белгисиз.

Эки өлкө чек арасын тактоо иштери башталганына он жылдан ашты. Бирок тараптар ошондон бери аны аягына чыгаралбай келет. Талаштуу жерлерге келгени иш таптакыр жылбай да калды. Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын узундугу 1378 чакырым, анын 320сы тактала элек. (SM)

XS
SM
MD
LG