Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:45

Өкмөт жол тоскондордун талабын аткара албайт


Жол тоскондор үчүн асылган казан. Алай, 3-июнь, 2014
Жол тоскондор үчүн асылган казан. Алай, 3-июнь, 2014
Бул тууралуу “Азаттыкка” коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев билдирди. Анын айтымында, Ош - Эркеч-Там жолун бууп турган камактагы депутат Акматбек Келдибековдун тарапкерлеринин талабын аткаруу өкмөт жана жергиликтүү бийликтин карамагындагы иш эмес:

- Жолду буугандар менен район акими күн сайын эле жолугуп, талаптарын угуп жатат. Бирок алар "Келдибековду бошоткула, анан тарайбыз", - деп айтып жатышат. Бул талапты район акими да, облус башчысы да аткара албайт. Негизи эле аткаруу бийлиги болгон өкмөт соттун чечимине кийлигише албайт, - деди Маматалиев.

Вице-премьер бүгүн жол бууп тургандар менен Алай районундагы аксакалдар жолугушуп жатканын да кошумчалады. Алар нааразы тарапты жолду ачууга көндүрүүгө аракет кылмакчы.

Акматбек Келдибековдун тарапкерлери Ош - Эркеч-Там жолун Алайдын Сопу-Коргон айылынын тушунан 27-майдан бери бууп турат. Алар депутатты үй камагына чыгарууну талап кылышууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG