Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:30

Бишкекте кыргыз-тажик сүйлөшүүсү өтөт


Жака-Өрүктөгү тополоңдон кийин. Баткен, 8-май, 2014.
Жака-Өрүктөгү тополоңдон кийин. Баткен, 8-май, 2014.
10-июндан соң Бишкекте кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүсү уланат. Бул тууралуу “Азаттыкка” коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев билдирди. Анын айтымында, Тажикстандын вице-премьери баштаган делегация менен эки өлкө ортосундагы талаштуу аймактар, чек арадагы жаңжалдуу окуяларды иликтөө маселелери талкууланмакчы. Буга чейинки сүйлөшүү өткөн айда Дүйшөмбүдө өткөн болчу.

Эки өлкөнүн чек арасын тактоо иштери бир канча жылдан бери токтоп турат. Ага тараптар укуктук негизде бир пикирге келе албай жатышы себеп болууда. Чек ара такталбай жатышы эки өлкөнүн кошуна айылдарынын ортосундагы чыр-чатактарга да алып келүүдө. Анын эң соңкусу -- 7-майда Баткендин Жака-Өрүк деген жеринде болду. (BkA/SM)

XS
SM
MD
LG