Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:47

Өкмөт Бажы биримдиги боюнча жол картаны аткара баштады


Астана саммитине катышкан өлкө башчылары, 29-май, 2014.
Астана саммитине катышкан өлкө башчылары, 29-май, 2014.
Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, бүгүн премьер-министр Жоомарт Оторбаев бул боюнча жыйын өткөрдү. Жыйында өкмөт башчы тиешелүү министрликтерге жол картаны аткаруу боюнча план иштеп чыгуу жана Орусия менен бирге Өнүктүрүү корун түзүү боюнча иштерди баштоо тапшырмасын берди. Муну менен катар жол картаны каржылоого кеткен каражатты кайрадан тактап чыгуу тапшырылды.

29-майда Евразия экономикалык кеңешинин Астанадагы жыйынында Бажы биримдигин түзгөн өлкөлөр Кыргызстандын бул уюмга кошулуу боюнча жол картасын бекиткен. Ал өлкөнүн биримдикке кирүү эрежелерин аныктайт. Ошондой эле саммит жүрүшүндө Орусия Кыргызстанга 1 миллиард доллар узак мөөнөттүү насыя жана Бажы биримдигине кошулуу боюнча жол картаны ишке ашыруу үчүн 200 миллион грант берүүнү убада кылган.(BkA)

XS
SM
MD
LG