Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:27

АКШ Украина, Молдова, Грузияга коргонууга жардамдашат


АКШ Чыгыш Европаны коргоо демилгесин жарыялады. Президент Барак Обама Чыгыш Европада кошумча америкалык аскер күчтөрүн жайгаштырууну каржылоого бир миллиард доллар бөлүүнү сунуш этти. Ак үйдүн маалыматына ылайык, АКШнын жаңы демилгеси Украина, Грузия, Молдова сыяктуу НАТОго кирбеген өлкөлөрдүн коргонуу дареметин күч алдырмакчы.

Обама бүгүн төрт күндүк европалык визитин баштап, Варшавага келди. Ак үйдүн билдирүүсүндө айтылгандай, Обама Конгрессти Европадагы «жаңы шериктердин» аймагында америкалык жөө аскер, аба жана деңиз күчтөрүн көбөйтүү боюнча Европалык Колдоо демилгеси тууралуу мыйзамды кабыл алууга чакырды.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG