Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:04

Дилгер Жапаровдун иши боюнча шаардык сотко арыз жолдонду


“Кыргызалтын” АКнын директорлор кеңешинин башчысы Дилгер Жапаров "Азаттыктын" студиясында, 17-сентябрь, 2013
“Кыргызалтын” АКнын директорлор кеңешинин башчысы Дилгер Жапаров "Азаттыктын" студиясында, 17-сентябрь, 2013
“Кыргызалтын” акционердик коомунун директорлор кеңешинин башчысы Дилгер Жапаровдун адвокаты Владислав Лужанский Бишкек шаардык сотуна доо арыз жазылганын бүгүн "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, алар Жапаровду эки айга камакка алуу боюнча Октябрь райондук сотунун чечимине макул эмес.

Башкы прокуратура Дилгер Жапаровду “Кумтөр голд компани” ишканасынан өкмөттүн макулдугусуз “Центерра голд инк.” ишканасына 200 млн. долларды дивиденд катары мыйзамсыз которгон деп айыптап, 29-майда кармаган.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин “коммерциялык жана башка уюмдардын өкүлдөрү тарабынан кызматтык абалынан пайдалануу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.(BkA)

XS
SM
MD
LG