Ирандын баш калаасы Тегеранда чаң бороон болуп, дагы 30 киши жараат алды. Маалымат каражаттарынын жазышынча, бүгүн шамалдын ылдамдыгы саатына 110 чакырымга жетип, кээ бир оодандарда жарык өчтү, дарактар кулады. Мамлекеттик сыналгы билдиргендей, эл аралык учак каттамдары үзгүлтүккө учурап, чоң жолдо 20 машина кагылышкан жол кырсыгына түрткү болду. Бийликтер улгайган адамдарды жана жүрөк оорусу барларды сыртка чыкпоого чакырууда.