Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:28

АКШ өкүлү "Манастагы" база үчүн Кыргызстанга алкыш айтты


"Манас" транзиттик борборундагы аскер, 3-июнь, 2014.
"Манас" транзиттик борборундагы аскер, 3-июнь, 2014.
Бүгүн “Манас” аба майданындагы Транзиттик борборду жабуу аземи өттү. Анда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен америкалык аскерлер "Манастан" толугу бир аптада менен чыгып кетээрин билдирди.

АКШнын Мамкатчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Ниша Десай Бисуал бул база үчвн Кыргызстанга ыраазылык билдирди. Тажикстандын баш калаасында сүйлөгөн Бисуал «Алдыдагы эки жылда Ооганстандан аскер чыгаруу мезгилинде америкалык күчтөрдү колдоо үчүн тийиштүү чаралар көрүлдү, мында кыйынчылык болбойт болуш керек», - деди.

“Манас” аба майданында 2001-жылдан бери жайгашып келген АКШнын аскерий базасы НАТОнун Ооганстандагы анти-террордук операцияларын жүргүзүүгө көмөктөшчү. Былтыр Кыргызстандын парламенти аталган борбор тууралуу АКШ менен келишимди бир тараптуу жокко чыгарган эле.

XS
SM
MD
LG