Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:19

Ооганстанда Абдулла чоң колдоо алды


14-июнга белгиленген президенттик шайлоонун экинчи айлампасынын алдында ооган талапкери Абдулла Абдуллага Абдул Расул Саяфтын шайлоо командасы колдоо билдирди. Биринчи айлампада 7 пайыз менен экинчи болуп келген таасирлүү экс-моджахед, мурда парламентке мүчө болгон, улуту пуштун Саяф жарыя жасалган иш-чарага өзү катышкан жок. Мурдатан ал кийинки айлампада бейтарап калаарын айткан эле. Улуту тажик Абдулла 45 пайыз алган. Буга чейин калган эки талапкер да ага колдоо билдиришкен. Экинчи айлампада Абдулла мурдагы каржы министри Ашраф Гани менен ат салышат.

XS
SM
MD
LG