Украинанын чыгышында бир канча күндөн бери уланып жаткан аскердик аракеттердин жүрүшүндө 181 адам мерт кетип, 293 киши жараат алды. Каза тапкандардын 59у жоокерлер. Бул тууралуу Украина Баш прокурорунун милдетин аткаруучу Олег Махницский билдирди.
Өлгөндөрдүн көбү куралдуу жикчилер экенин кабарланууда. Ал эми каза тапкандардын канчасы карапайым калк өкүлү экени ачык айтыла элек.
Донецк облусундагы кырдаалдан улам 15 миңдей адам башка жакка көчүүгө аргасыз болгонун облустук администрациядан билдиришти. Славянск шаарынын 40 пайыз жашоочусу калаадан чыгып кетти.
Айрым маалыматтарга караганда, жикчилердин арасында Орусиядан келген куралчандар да бар.