Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:54

Жол тоскондордон жабыркаган милиционер ооруканага түштү


Алайда жол тосуп тургандар тарабынан токмоктолгону айтылып жаткан райондук милиция кызматкери Алмазбек Маматов ооруканага түштү. Окуя боюнча кылмыш иши козголот. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.

3-июнь күнү Сопу-Коргон айылынын тушунан Ош - Эркеч-Там жолун бууп турган камактагы депутат Акматбек Келдибековдун тарапкерлери алар менен сүйлөшүүгө келген райондук милициянын башчысын жана тартип кызматкерлерин кубалап жиберишкен.

Окуя тасмага тартылып, интернетке жайгаштырылган. Анда бетин чүмбөттөп алган беш-алты атчан жигит тартип коргоочуларга кыйкырып келгени, машинедегилер алардан качып кеткени тартылган.

Жол тороп тургандар милиция кызматкерлери ур-токмокко алынган эместигин айтып жатышат. Акция катышуучуларынын бири Адалат Мейрачова жол тоскондорду жаманатты кылуу үчүн “ар кандай чагымдар атайын уюштурулууда” деген пикирин “Азаттыкка” билдирди.

Акматбек Келдибековдун тарапкерлери аны эркиндикке чыгарууну талап кылып, 27-майдан бери жолду бууп турат. Акция өтүп жаткан аймакка 12 боз үй тигилген.

Жол торогондорго карата мурдараак үч кылмыш иши козголгон. (SE)

XS
SM
MD
LG