Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:30

Сочиде Борбор Азиядагы чек ара маселеси талкууланат


Бүгүн Орусиянын Сочи шаарында Борбор Азия аймагындагы КМШ мамлекеттеринин чек ара маселеси талкууланат. Жыйынга 11 мамлекеттин Чек ара кызматынын жетекчилери катышат. Отурумга Кыргызстандан башкы чек арачы Раимберди Дүйшөмбиев жөнөп кеткен. Бул тууралуу “Азаттыкка” Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Сажира Чоколоева билдирди.

Бир күндүк жыйындын алкагында аймактагы чек ара көйгөйүн чечүү, жаңжалдарды алдын алуу жана турукташтыруу боюнча сүйлөшүүлөр болот.

Кыргызстанда чек ара маселеси Өзбекстан жана Тажикстан менен чектеш аймактарда көйгөй жаратып келет. Өзбек тарап менен дээрлик 4 жылдан бери чек ара жабык турат. Кыргыз-тажик чегинде соңку кездери жарандардын чатактары арбын катталууда. Аны чечүү үчүн эки тараптуу сүйлөшүүлөр улантылып жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG