Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:37

Жалал-Абадда дыйкандар тарткан зыяндын чыгымы саналып жатат


Жалал-Абад облусунун Аксы жана Базар-Коргон райондорунда мөндүр менен сел жууп кеткен дыйканчылык талааларындагы чыгымды атайын түзүлгөн комиссия иликтеп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Нурбек Жээналиев билдирди.

1-июнь күнү Аксыда жааган мөндүр 177 гектар жердеги дыйканчылык талааларын жарактан чыгарган. Негизинен пахта, картошка, жүгөрү жана коон-дарбыз эгилген жерлер зыянга учураган.

Базар-Коргондун Кеңеш айыл аймагында да талаалар селден жабыркаган.

Жээналиевдин айтымында, комиссиянын корутундусу менен жапа чеккен дыйкандарга салык жагынан жеңилдик каралат. (SE)

XS
SM
MD
LG