Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:40

Анкарада кыргыз-түрк кызматташтыгы талкууланды


Атамбаев түрк премьери Эрдоган менен.
Атамбаев түрк премьери Эрдоган менен.
3-июнда Түркиянын Анкара шаарында Кыргызстан менен Түркиянын стратегиялык кызматташтыгы боюнча Улук Кеңештин жыйыны өттү. Ага кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев жана Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган баштаган делегациялар катышты. Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, кеңештин жыйынында эки тараптуу мамилелердин мындан аркы стратегиясы аныкталды. Ошондой эле эки өлкө ортосундагы тышкы саясат, саламаттык сактоо, метеорология жаатында кызматташуу боюнча протоколдорго кол коюлду.

Алмазбек Атамбаев Түркияга иш сапар менен 2-июнда кеткен. Ал бүгүндөн тарта
Бодрум шаарында өтчү түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташуу кеңешинин IV саммитине катышат. Ага Түркиянын, Казакстандын жана Азербайжандын да президенттери катышмакчы. Өлкө башчылары анда ар тармактуу кызматташтыкты кеңейтүү, анын ичинде туризм тармагындагы байланыштарды чыңдоо боюнча маселелерди талкуулашат.(BkA)

XS
SM
MD
LG