Бул тууралуу “Азаттыкка” жабырлануучулардын адвокаты Осунбек Жамансариев билдирди. Анын айтымында, мындай чечим Бишкек гарнизонунун Аскердик сотунун судьясы Дамир Оңолбеков ишти кароого жетишпей жатканына байланыштуу кабыл алынды. Буга байланыштуу өкүм чыгаруу мөөнөтү 7-июлга чейин узартылды
Апрель окуясы боюнча соттук териштирүү 2010-жылы 30-ноябрда башталган. Бул иш боюнча мурунку президент Курманбек Бакиев жана анын жакындары, бир катар мамлекеттик жогорку кызматкерлер, “Альфа” атайын кызматынын кызматкерлери айыпталып, прокуратура Бакиевдерди өмүр бою эркинен ажыратууну сураган.(BkA)