Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:41

Тяаньанмэнь окуяларына 25 жыл толду


Тяньанмэнь аянтына демократияны талап кылып чогулган демонстранттар. Бээжин, 2-июнь, 1989-жыл.
Тяньанмэнь аянтына демократияны талап кылып чогулган демонстранттар. Бээжин, 2-июнь, 1989-жыл.
Бээжинден түшкөн кабарларга караганда, кытай бийликтери кандуу окуянын 25 жылдыгын утурлай борбордо коопсуздук чараларын күчөттү. Ал аралыкта АКШ расмий Бээжинди демократияны жактаган демонстранттар күч менен таратылганда өмүрү кыйылган, кармалган же жоголгон адамдардын эсебин чыгарууга үндөдү. Акыркы 25 жылдан бери кытай бийликтери андай расмий эсепти эч убакта берген эмес.

1989-жылдын 3, 4-июнунда танкттар менен келген аскерлер Бээжиндин борбордук аянтына чогулган куралсыз демонстранттарды күч менен кууп таратканда жүздөгөн кишилер мерт болгон.

Ак үйдүн расмий өкүлү Жей Карни Тяньанмэнь окуяларынын 25 жылдыгына байланыштуу билдирүүсүндө Вашингтон Кытайдагы “адаттан тыш социалдык-экономикалык прогрессти” кубаттай турганын, бирок Бээжинди жарандарынын баары үчүн “универсалдык укуктар менен негизги эркиндиктерди” камсыздоого чакырарын белгиледи. (UE)

XS
SM
MD
LG