Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:59

Баткендиктер бир жарым миллиард сомдон кол жууду


Өсүмдүктөрдү коргоо жана химиялаштыруу боюнча облустук мекеменин башчысы Мунарбек Дөбүтов эрте жазда жүргөн үшүк өрүк гүлүн алып кетип, облус калкы быйыл жок эле дегенде бир жарым миллиард сомдой кирешеден кол жууганын “Азаттыка” билдирди.

Баткенде жалпысынан 10 миң гектардай өрүк аянты бар. Аймак калкы бир жылда орто эсеп менен өрүктөн 3 млрд. сомдон ашуун киреше тапчу. Быйыл өрүктүн түшүмү жакшы болбой калгандыктан анын жарымы жок.

Облус аймагында өрүктүн 80дей түрүн тапса болот. Өрүктүн алды май айында бышса, арты августка чейин барат. Учурда кургатылбай турган тез бышар өрүк базарга чыкканына эки жумадай болуп калды. Баткендин базарларында анын килограммы 20-30 сомдон сатылууда. Өрүктүн бул сорту көпкө сакталбагандыктан ашып кетсе Ош, Бишкек шаарларына гана жеткирилет. Кургатылбай сатылчу абрикостун дагы бир түрү Казакстан менен Орусияга экспорттолот. Быйыл жаз кеч келгендиктен мындай сорттогу өрүктөр азырынча быша элек. (JsA/SM)

XS
SM
MD
LG