Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:18

Обама: Чыгыш жана Борбордук Европадагы союздаштар жалгыз калбайт


Обама Варшаванын Сепил аянтында. 4-июнь, 2014-жыл.
Обама Варшаванын Сепил аянтында. 4-июнь, 2014-жыл.
Барак Обама АКШ Польшанын, НАТО боюнча Чыгыш жана Борбордук Европадагы башка өнөктөштөрүнүн коопсуздугу үчүн милдеткер экенин бүгүн кайрадан ырастады:

- Империялар менен таасир көргөзүү чөйрөсүнүн күндөрү артта калды. Чоң мамлекеттер кичинекей өлкөлөрдү коркутуусуна, өз эркин тапанча такоо менен таңуулоосуна, беткапчан адамдар имараттарды ээлеп алуусуна жол берилбөөсү керек. Коңшудан уурдалган жерди калем менен эле чийип, мыйзамдаштырып алуу мүмкүн эмес. Биз Орусиянын Крымды оккупациялоосун жана Украинанын суверенитетин бузушун кабыл албайбыз.

Обама Польша, Эстония, Латвия, Литва, Румыния эч убакта жалгыз калбасын да убада кылды.

АКШ президенти бул сөздөрдү бүгүн Варшавада Польшадагы алгачкы демократиялык шайлоонун 25 жылдыгына арналган иш-чаралар учурунда сүйлөгөн кезинде айтты. Варшаванын Сепил аянтына чогулгандар астында сүйлөп жатып, Обама Украинадагы азыркы кырдаалды Польшада 25 жыл мурда болгон окуялар менен салыштырды.

АКШ президенти бүгүн Варшавада Украинанын шайланган президенти Петр Порошенко менен да кездешкен. (UE)

XS
SM
MD
LG