Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:32

Бишкекте коммуникация боюнча эл аралык симпозиум өтөт


Бишкекте бүгүн «Стратегиялык коммуникация башкаруусу» аттуу III Эл аралык коммуникация симпозиуму башталат. Эки күндүк бул жыйынды кыргыз-түрк «Манас» университетинин коммуникация факультети уюштурууда.

Симпозиумдун негизги максаты - телеологиялык көз караш боюнча “адамдын жүрүм-турумунун негизинде максаттуулук б.а. телеология турат” деген гипотезанын алкагында адамдын жүрүм-турумун өзгөртүүгө, таасирлентүүгө багытталган коммуникациялык изилдөөлөрдү стратегиялык деңгээлде колдонуу жана жетектөө, коммуникация илимине өзгөчө бир келечектүү мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө салым кошуу. Жыйындын негизги темаларын стратегиялык көз караштагы коммуникациялык изилдөөлөрдүн бардык тармактарынан сырткары, айрыкча дипломатия, башкаруу илимдери жана маркетингдик коммуникация тармактарындагы изилдөөлөр түзмөкчү. Ага Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Орусиядан келген окумуштуулар катышат.

Симпозиумдун алкагында «ИЛДЕК-2014» аттуу Коммуникация факультеттеринин декандарынын 22-жыйналышы да өтөт. Анда коммуникация тармагындагы билим берүү, аккредитация, бүтүрүүчүлөрдү жумуш менен камсыздоо сыяктуу темалар каралат. Мурдагы жыйналыштардан айырмаланып, бул жолу ага Кыргызстандагы коммуникация/журналистика тармактарында билим берген факультеттердин декандары да катышуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу аталган окуу жайдын маалымат кызматынан кабарлашты.

XS
SM
MD
LG