Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:03

Матанов АКШ сотунда күнөөсүн моюнуна алган жок


АКШнын Бостон шаарындагы жардырууну уюштурууга катыштыгы бар деп күнөөлөнүп жаткан кыргыз жараны Хайрулложан Матанов өзүнө коюлган күнөөнү мойнуна алган жок. 4-июнда айыптоо корутундусу угулган жараянда судья Матановду сотко чейин камакта кармоону буйруду.

23 жаштагы Хайрулложан Матанов Жалал-Абаддын Сузак районунан болот. 2010-жылдын май айында АКШга кеткен. Ага Бостон шаарындагы жардыруу боюнча күнөө коюлуп, быйыл 30-майда расмий айып тагылган. Матанов "илинчектерди атайылап жок кылган жана суракта жалган көрсөтмө берген",- деп күнөөлөнүп жатат. Жардыруу боюнча кыргыз жаранынан башка дагы үч киши, анын ичинде эки казак атуулу да айыпталууда.

Былтыр 15-апрелде Бостондогу жарылуудан 3 адам каза болуп, 250 киши жараат алган.

Жардырууну ишке ашырганы үчүн күнөөлөнгөн бир тууган Царнаевдердин кичүүсү, 20 жаштагы Жохар түрмөдө отурат. Эгер күнөөлүү деп табылса, өлүм жазасына кесилиши мүмкүн. Агасы Тамерлан жардыруудан кийин полиция менен атышуудан каза тапкан. (UE\SE)

XS
SM
MD
LG