Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Ливияда “Кызыл чырым” уюмунун өкүлү өлтүрүлдү


Ливиядагы куралдуу кол салуунун натыйжасында, Швейцария жараны, эл аралык “Кызыл чырым” уюмунун өкүлү каза тапты. Франс-Пресс агенттиги тараткан маалыматка ылайык, маркум Мисурат калаасында уюмдун өкүлчүлүгүн башкарып келген. Анын унаасына Сирт аймагына жумуш боюнча жолугушууга барган учурда белгисиз кишилер ок чыгарган. Маркумдун аты-жөнү айтыла элек. Ал жарааттан улам ооруканада көз жумду.

Ливияда 2011-жылы Муаммар Каддафи бийликтен кулатылгандан бери өлкөдөгү саясий абал чыңалган бойдон кала берүүдө. Соңку кездери чет элдиктерге жана эл аралык уюм өкүлдөрүнө кол салуулар көбөйдү.

XS
SM
MD
LG