Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:48

Нарында эл аралык инвестициялык форум башталды


“Нарын - Улуу Жибек жолундагы трансулуттук экономикалык түйүн” деген аталыштагы инвест-форум эки күнгө созулат. Форумга жергиликтүү ишкерлер, компания, фирмалар, туроператорлор, экономика министрлигинен, туризм депfртаментинин өкүлдөрү жана Кытай, Орусия мамлекетинен ишкерлер катышып жатат. Иш-чара аймактын экономикасын өнүктүрүү үчүн инвестиция тартуу, жаңы чакан ишканаларды ачуу, калкты жумуш менен камсыз кылуу сыяктуу максатты көздөйт. Анда эки күн бою түрдүү бизнес идеялар талкууланып, ишкерлерге сунушталат.

Жериликтүү бийлик уюштурган инвест-форум быйыл 3-жолу өткөрүлүп жатат. Мурдагылардан айырмаланып, быйыл ага чет элдик ишкерлер да чакырылды. (TSh)

XS
SM
MD
LG