Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:19

Өкмөт Өзбекстанга сууну токтотуу сунушун карабайт


Токтогул суу сактагычы, 20-январь, 2013.
Токтогул суу сактагычы, 20-январь, 2013.
Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди. Ал парламент комитетинин акылга сыйбаган мындай сунушун кабыл алуу мүмкүн эместигин жана өкмөт мындай тобокелчиликке барбастыгын айтты. Сарпашев эки өлкө ортосундагы бул маселе дипломатиялык жолдор менен чечилүүгө тийиш деп эсептейт.

Өткөн айда Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитети өкмөткө газ блокадасына жооп иретинде Өзбекстанга сугат учурунда суу берүүнү токтотуу сунушун жолдогон. Мындай сунушка Өзбекстан Кыргызстандын түштүгүнө газ берүүнү токтотуп коюшу себеп болгон.

Өзбекстан сугат үчүн Кыргызстандын Токтогул суу сактагычынан суу алат. (BkA/SM)

XS
SM
MD
LG