Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев газ боюнча Өзбекстан кепке келбей жатканын бүгүн "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Биринчи виценин айтымында, Оштогу газ кризисин чечүү боюнча "Газпромдон" сырткары кыргыз өкмөтү да Өзбекстан менен сүйлөшүү аракетин көрүүдө. Бирок андан азырынча майнап чыкпай жатат. Сарпашевдин газ боюнча сүйлөшүү сунушун өзбек өкмөтүнүн биринчи вице-премьери четке кагып койгон.
Орусиянын "Газпром" компаниясынын да Өзбекстан менен сүйлөшүүсүнөн натыйжа чыкпай жаткандыктан Ошко газ берүү качан жанданаары белгисиз бойдон турат.
14-апрелде "Узтрансгаз” келишим мөөнөтү аяктагына шылтап, Кыргызстандын түштүгүнө газ берүүнү токтоткон. Өзбекстан менен буга чейин келишим түзүп келген "Кыргызгаз" болсо быйылдан тарта Орусиянын "Газпром" компаниясынын карамагына өтүп, анын ордуна "Кыргызгазпром" ишканасы түзүлгөн. Өлкө бийлиги Кыргызстандагы газ маселелерин мындан ары жалаң "Газпром" чечээрин билдирип келет. (BkA/SM)