Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:30

Ысык-Көлгө Новосибирскиден түз аба каттам ачылат


Туристтерди тартуу үчүн быйылкы сезондо Орусиянын Новосибирск шаарындагы эл аралык "Толмачёво" аба майданынан Ысык-Көлдөгү "Тамчы" аэропортуна түз аба каттам ачылат. Учурда бул боюнча сүйлөшүүлөр дээрлик аяктап калганын "Азаттыкка" бүгүн Ысык-Көл облустук бийлигинин аппарат башчысы Улан Маликов билдирди. Ошондой эле Казакстандагы туристтерди тартуу максатында "Каркыра" чек ара бекети да ачылат.

Облустук бийликтин өкүлү Ысык-Көл туристтерди кабыл алууга толук даяр экенин, быйылкы сезондон арбын киреше түшөөрү күтүлүп жатканын жана аймакта азыр кырдаал тынч болгондуктан кооптонууга эч кандай негиз жоктугун кошумчалады.

Ысык-Көлдө жайкы туристтик сезондун расмий ачылышы 7-июнда премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин катышуусунда болот.

Былтыр Кумтөр кенине байланышкан Жети-Өгүздүн Саруу айылындагы нааразылык акциялар туристтик сезонго кедергисин тийгизгени айтылган.(UEz/SM)

XS
SM
MD
LG