Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:20

Воронежде 4 кыргызстандык кулчулуктан качып чыкты


Бул тууралуу "Азаттыкка" бүгүн Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, Москвадагы элчиликке 4 кыргызстандык жаран 31-майда жардам сурап кайрылган. Алардын айтымында, май айынын башында 12 кыргызстандык жаранды Бахадыр аттуу адам жакшы айлык убада кылып, Бишкектен Воронежге алып барган.

Бирок ал жакка барган соң кыргызстандыктардын документтерин тартып алып, акы төлөбөй таштанды тазалатып иштеткен. Маянасын талап кылгандарды коркутуп, ур-токмокко алган. Мындай шартка чыдабаган төрт жаран 28-майда качып чыгып, төр күндөн соң Москвадагы элчиликке барган. Учурда бул жарандар Кыргызстанга жөнөтүлдү.

Элчилик эмгек кулчулугунда калган 8 жаранды бошотуу боюнча иштер жүрүп жатканын да билдирди.(BkA)

XS
SM
MD
LG