Ак-Талаа районундагы кар аралаш жааган жаандын кесепетинен жайлоолордо кырылган малдын саны көбөйүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, жайлоого чыгаар алдында жүнү кыркылган майда мал ушул айдын башындагы катуу жаанга туруштук бере албай калган. Учурда чыгымга учураган койдун саны 344гө жетти. Мындан сырткары 3 баш жылкы өлдү.
Учурда адистер зыянга учураган малдын санын тактап жатышат.(BkA)
Учурда адистер зыянга учураган малдын санын тактап жатышат.(BkA)