Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:45

Ооганстанда жоголгон канадалык үй-бүлөнүн видеосу чыкты


Ооганстанда 2012-жылы дайынсыз жоголгон канадалык Жошуа Бойле менен аялы Кайтлан Коулмандын эки кыска видеосун туугандары былтыр алып, бирок жакында америкалык аскер туткундан бошотулгандан кийин гана тасмаларды ачыкка чыгарууну чечишкен. Тасмада аялы менен күйөөсү АКШ өкмөтүнөн жаш баласы менен талиптердин туткунунан куткарууну суранышкан. Коулмандын айтымында, ал Бойле менен Борбор Азияны кыдырып чыкканда, кош бойлуу болгон. 2012-жылдын октябрындагы акыркы катында Бойле Ооганстандын кооптуу аймагына келгендигин жазган.

XS
SM
MD
LG