Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:32

Орус славян чиркөөсү Инжилди өзбек тилине котортот


Орусиянын славян чиркөөсү христиандардын ыйык китеби болгон Инжилди өзбек тилинде кайра басып чыгаруунун үстүнөн иштеп жаткандыгын билдирди. Чиркөөнүн Москвадагы баш кеңсесинен маалымдашкандай, бул иш Стокгольмдо жайгашкан Инжилди которуу институтунун жардамы менен жүргүзүлөт. Чиркөө башчысы Дмитрий январь айында орус өкмөтүн Инжилди борбор азиялык тилдерге которуу долбоорун колдоого чакырган. Ал мындай долбоор Орусиядагы жүз миңдеген кыргыз, тажик, өзбек мигранттарынын интеграциясына жардам болот деген ишенимде.

XS
SM
MD
LG